Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, ага туруштук бере албай күйүткө алдырып, ичип кеткен адамдар бар. Ал тургай жөндүү турмуш кадамын шилтеп кете албай учурда өз жанын кыйгандар да кездешүүдө.
Бишкек шаарында оор жашоодо жашап, бирок эч кимге даттанбай, бийлик жетекчилеринен жардам сурабай көчөлөрдүн биринде тараза тартып иштеп отурган Асылжан Кыдырбаеванын тагдыры менен тааныштык.
Асылжан айымдын басып өткөн тагдыры, жетишкен ийгилиги он эки мүчөсү соо, бирок кайыр сурап отургандар үчүн сабак болор деген үмүттөбүз.
Асылжан Кыдырбаева Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал 57 жашта. Буга чейин 6 уулдуу болуп, бирок балдары бир-эки ай аралыгында чарчап калышкан. Андан соң дагы 4 кыз, 2 уул төрөгөн. Учурда кыздары турмушка чыгып, балдары турмуштан өз ордун таап кетишкен. Маек учурунда эне бактылуу экенин баса белгиледи.
"15 жыл тараза менен иштеп жүрүп 3 кызымды турмушка узаттым. Албетте, бирде тартыш, бирде жетиштүү болот. Эң негизгиси, кайыр сураган жокмун. Балдарым ач, жылаңач калган жок. Жыл сайын кызым каникулда мага жардамдашат. Жайкы каникулда 3 ай бою иштеп, балдарыма сентябрда кийим-кече алып берем", - деп билдирди Кыдырбаева.
Асылжан Кыдырбаева бирөөнүн кол алдындагы жалданма жумушчу эмес экенине шүгүр кылат. Эртең менен үй тиричилигин жасап, саат 11лер чамасында таразасын көтөрүп жумушка келет. Айрым учурларда түнкү саат 23:00гө чейин отурат.
Каарманыбыз жумуш учурундагы кызыктуу окуялар туурасында да ой бөлүштү: "Менин таразам 150 килограмм салмакка чейин көтөрөт. Кээде 150 килограммдан жогорку салмактагы адамдар келип түшүп, таразам көрсөтпөй калган убактар болот".
"Таразага көбүнчө жаштар түшөт. Айрым учурда үй-бүлөлүүлөр эс алып жүрүп баары түшүп кетишет. Ал учурда жакшы иштеп алам. Таразага түшүүнүн баасы 5 сом. Аны да бербей кетип калгандар болот. Жайкы каникулда студенттер айылдарга кетип, жумушум басаңдай түшөт. Антсе да күнүнө кызым экөөбүз 700-750 сом табабыз", - деп кошумчалады Кыдырбаева.
"Кызым экөөбүз иштеген Орозбеков көчөсү Ак үйдүн жанында жайгашкан. Биз менен катар балмуздак, шар жана башка нерселерди сатып отургандарды кээде милиция кызматкерлери башка жакка барып соода кылгыла деп куушат, бирок бизге тийишпейт. Адамдардын көз карашында биз абдан жарды адамдарбыз, бирок терең маанисинде 6 балам бар, мен баймын, мен бактылуу энемин", - дейт таразачы айым.
Апасынан 15 метр ары жакта тараза менен отурган 9 жаштагы Фатиманы да кепке тарттык.
"Апама жардамдашам. Тапкан акчамды апама берем. Ал мага балмуздак, шириндиктерди сатып берет. Мен чоңойгондо дарыгер болом", - дейт Фатима Кыдырбаева.