Бишкек шаарында 8-июлда кыргыз элинин улуттук суусундуктарын даңктоо максатында кымыз жарманкеси уюштурулат. Иш-чарада кымыздын түрлөрү, санжыра санаты тууралуу маалыматтар, кымыздын пайдалуулугу, жасалышы жөнүндө ой-пикирлер айтылат.
Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы аймагынан келген кымыздардын сынагы жүргүзүлүп, мыкты кымыз аныкталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына аталган жарманкенин уюштуруучуларынын бири Күлчоро уулу Таласбек билдирди.
"Ар бир улут өзүнүн маданиятын, баалуулуктарын даңазалоосу шарт. Кымыз - кыргыздын №1-улуттук суусундугу. Андыктан кымызды даңктоо, эл арасында ынтымак болуусун көздөп ушул иш-чараны өткөрүүнү пландап жатабыз. Кымыз жарманкесинде улуттук аспаптардын коштоосунда ыр-күүлөр аткарылып, "Манас" айтылат. Суусамыр, Алайкуу, Нарын, Талас, Ысык-Көлдөн кымыз, курут алынып келинип жарманкеге коюлат. Учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат", - дейт Күлчоро уулу Таласбек.