Аксынын Авлетим айылында 56 миллион сомго курулуп жаткан мектеп сентябрда ишке кирет

Аксынын Авлетим айылында 56 миллион сомго курулуп жаткан мектеп сентябрда ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан Ыман Акылбеков атындагы мектепке мамлекеттик бюджеттен 56 миллион сом бөлүнгөн. Учурда жумуштун 80 пайызы бүткөрүлгөн. Азыркы убакта мектептин спортзалынын курулушу жүргүзүлүүдө.

"225 орундуу мектеп жаңы окуу жылына карата жыйынтыкталат. Буга чейин 1965-жылы таш дубалдан курулган эски мектепте билим берилип келген. Жаңы окуу жылына 300 окуучуну кабыл алганы жатабыз. Окуучулар түшкө чейин жана түштөн кийин кезектешип окушат", - деп билдирди Зыябекова.

Учурда мектептин курулушун "Эскадо" курулуш компаниясы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мектепте 31 мугалим эмгектенип, арасында 7 Эл агартуунун отличниги билим берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynar92kg
2016-07-06 21:35:34
Кичине болсо жакшы жоролого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан