Кыргыз Республикасынын жараны кош жарандуулукка ээ боло алат

4-июль күнү Стамбулда “Ислам мамлекети” менен байланышта болгон” деп шектелип 2 кыргыз жараны кармалгандыгы тууралуу жазылган. Маалыматка ылайык, кармалгандардын биринде Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын паспорту болсо, экинчисинде Кыргыз Республикасынын паспорту болгон. Кабарга түшкөн комментарийлерден улам "Бир эле учурда кыргыз жараны дагы башка өлкөнүн жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алабы?" деген суроо менен Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылдык.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы" тууралуу мыйзамдын 6-беренеси боюнча кыргыз жарандыгы менен бирге башка өлкөнүн жарандыгын алуу мүмкүн. Ал үчүн, биринчиден, экинчи өлкө менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат алакасы бар болушу керек. Экинчиден, ал өлкөнүн мыйзамы кош жарандуулукка жол бериши керек. Үчүнчүдөн, экинчи өлкөнүн экономикасына чоң көлөмдө инвестиция салышы керек болот", - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов.

"Бирок экинчи өлкөнүн жарандыгын алгандар үчүн чектөөлөр болот.

1. Мамлекеттик кызматтарда иштей албайт;
2. Аскердик кызматтарда иштей албайт;
3. Мамлекеттик башкарууга кызматка бара албайт (шайлоодо талапкер боло албайт);

Андай жарандар атайын мамлекеттик реестрге киргизилип, көзөмөлдөнүшөт", - деп кошумчалады Эржигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Abdyrawit
2016-07-06 20:56:46
Ушуну жөн койбоду да....
0
ukmuw-ukmuw
2016-07-07 00:58:46
Abdyrawit,емне кылыш керек еле?
0
asanovd88
2016-07-06 21:06:14
ммм туура эле менимче
0
aralbek
2016-07-06 21:16:34
Эн тура чечим
0
Kiyal4499
2016-07-06 21:27:15
Aa
0
bond
2016-07-06 23:38:31
Мен билгенден башка мамлекеттер кыргыздарга эч кандай кош жарандуулук берген эмесго.
+5
BarsBaatyr
2016-07-07 00:13:37
Бул мыйзам жонокой жарандарга гана...Байлар башка олконун жарандыгын деле алып атат,бийликте деле иштеп атышат
+5
Arcen2015
2016-07-07 00:49:55
BarsBaatyr,Туура айтасыз
0
Rifle_S
2016-07-07 01:01:59
Эки өлкөнүн жараны болуп эмне кереги бар ? Же аштан жок, же таштаг жок болуп.
Кыргыз мамлекетинин жараны болгон соң, башка өлкөнүн да жаранын албай эле койгула да. Же эки жүздүүлөр алат, же Кыргызстандын келечегине ишенбегендер алат. Негизи эле эки тоонун чөбүн эңсеген,чөптөн кур калат.
-3
Kroxa
2016-07-07 02:27:33
Азыр кыргыздар айла жоктон россия,башка жарандык алып пенсияга чыгып атышпайбы кыргызстандын пенсиясы 2минден 5минге аран жетип атса,,айлык 10миге жетпейт россиядан пенсияга чыкса 12ден ойдо алса жаманбы,,кыргызстанда пенсия,,зарплата коп болсо айланганы алмак белек ушу биздин чондорду эмне кылсак,,,
+1
Suiunbek83
2016-07-07 03:16:46
Бугунку кундо жуз миндеген жарандарывыз РФ жарандыгын алган алар аргасыздан алган жыргаганынан алган жок алар бугунку кундо кыргызстандын ВВП сын кармап турат .бирок аларга азыртадан кош жарандуулукту чечип бербесе алар бара бара ал жактан отурукташып бир отоло орусташып кетет.ошондуктан аларга уй алганга жана келип иштегенге кош жарандуулукту чечип беришибиз керек.
+1
karasuu
2016-07-07 10:09:30
супер инфо ошондо жакшы тушунбой калдым кайдан билсек болот кош жарандуубузбу же жокбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан