"Ош-Бишкек унаа жолунда айдоочуну тапанча менен коркутуп 300 миң сом акчасын тартып алган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү милицияга арыз менен Ош облусунун 1982-жылы туулган А.И. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына бараткан учурда Ош-Бишкек жолунун 560-чакырымында мамлекеттик номуру жок унаа аркасынан кууп келип токтотуп, белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп 300 миң сом акчасын тартып алып, уюлдук телефонун сындырып качып кетишкенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну, Сузак районунун 1994-жылы туулган М.А. жана Жалал-Абад шаарынын М.Ж. аттуу тургуну кармалган. Андан сырткары шаардагы имараттардын биринен темир челектин ичине катылган 4 даана мылтык, 4 огу бар 1 даана тапанча алынган. Алынган куралдар тиешелүү экспертизага жиберилип, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.