"Кыргызтелеком" Бишкектеги курантты оңдоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июлда кабарлады.
Маалыматка ылайык, куранттын эки бетиндеги циферблаттары оңдолууда. Бул иштеринин алкагында мрамор плиталары оңдолуп, темир каркастары алынды. Учурда циферблатты тазалоо иштери жүрүүдө, андан соң сааттын багыттагычтары, сандары жана тегереги жасалып, атайын коргоочу катмар менен капталат.
Оңдоо иштери циферблаттын канааттандырарлык эмес абалынан улам башталып, июль айынын аягына чейин бүтөт.