Жалал-Абад шаарынын суу түтүктөрүн жаңылоого эл аралык уюм акча бөлүшү мүмкүн

Вице-премьер-министр Олег Панкратов 6-июлда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нил Маккейн менен жолугушту.

Тараптар электр энергетикасы жаатындагы жана кичи шаарлар менен муниципалитеттердин инфраструктураларын өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду карады. Тагыраагы, банктын Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун катуу калдыктардан тазалоо жана реабилитациялоону каржылоо үчүн акча берүүгө даярдыгы тууралуу сөз жүргөнүн билдиришти өкмөттөн.

"Өкмөт жарандардын бакубаттуулугу үчүн, экономикалык өнүгүүнүн туруктуу багытына бет алуу максатында мындан аркы экономикалык абалды турукташтыруу иретинде активдүү иш алып барууга ниеттенүүдө", - деди Панкратов. Ошондой эле ал кыргыз тарап аталган банк менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан