Бишкек-Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды, шагыл аралаш таш түшкөн жер тазаланууда

Бишкек-Ош унаа жолундагы шагыл аралаш таш түшкөн жер тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн түнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10 миң метр куб шагыл аралаш таш түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Кара-Көл шаарынын жол-тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 02:30 чамасында жол каттамы бир тараптуу ачылган. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Учурда тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aidinaernur
2016-07-07 10:44:36
4 саат жолдо турдук
Адамдар туртуп откоруп атат машиналарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан