Стамбулдагы жардыруу боюнча айыпталган 17 адамдын аты-жөнү жарыяланды

Түркиялык басылмалар Стамбулдагы жардырууга катыштыгы бар деп айыпталгандардын аты-жөнүн жарыялашты. Кармалгандардын ичинен Мурад М., Смаил М., Билал М., Рамазан И., Адам Р., Смаил А., Гүлмахмад С., Камил Д., Смаил А., Гаджимад А., Эделхан И. - Орусиянын жарандары. Ал эми алты адамдын жарандыгы көрсөтүлгөн эмес. Алар: Сейхун Али А., Ахмет К., Чынгызхан Ч., Халил Д., Ахмед Д., Аюб Д.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жардырууга катыштыгы бар делип кармалгандардын саны 30га жеткенин жана алардын арасында Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Орусиянын жарандары бар экенин айткан.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Izdeim_seni.
2016-07-07 10:59:54
Кыргыздар кайсынысы эми бул жакта списокто.
+2
Patirot
2016-07-07 11:08:37
Аты жонү толук жазылбаптыр
0
osh-vostok
2016-07-07 11:19:57
Чынгызхан дегени кыргыз болуп чыкпаса эле болду)
+8
Adelchik
2016-07-07 19:54:23
osh-vostok, боорду эздин.
0
nurchik05
2016-07-07 11:22:35
Суротторунда киргизсенер жакшы болмок
+1
Abdurahman
2016-07-07 12:23:24
Алар кыргызстандын паспортун акча менен жасатып алган башка эле олконун жарандары болсо керек. Себеби акыркы кундо мындайлар абдан кобойуп кетти го
+6
Suiunbek83
2016-07-07 14:22:48
Жаны пасортто улуту деген графаны алып койсок даана ошондо башыбыз катыйт кыргызбы же озбек тажикби деп.
+1
Kalemkash
2016-07-07 14:49:17
Жаман улут болбойт жаман адам болот демекчи. Эл аралык мамилелерге таасир этпесе экен деп корком.
+2
elif1997
2016-07-07 16:33:04
Kyrgyzdyn atyn jamanga chygardy.Teroris bolboi olgur
+2
kona_bmw
2016-07-07 18:26:19
Паспорт сатып албай эле кыргызстандын озбек улутундагы жарандары болуш керек, анткени буга чейин дагы бир канча кыргзстандын озбек улутундагы жарандары кармалган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан