Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүндө жарга асылып калган унаадан айдоочу жана 3 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 5-июлга караган түнү саат 00:44 чамасында Ажике жайлоосуна бара жаткан жолдун 90-чакырымында орун алган. Анда Нива үлгүсүндөгү унааны башкарган 1981-жылы туулган Таштанбек А. аттуу айдоочу жолдон чыгып кетип, жарга асылып калган. Унаанын ичинде 2013-жылы туулган Нурдөөлөт А. аттуу жүргүнчүсү да болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унааны трос менен тартып, айдоочуну жана жаш баланы куткарып калышкан.