Балыкчы шаарында 17 турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июль күнү саат 21:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен ирригациялык каналдар толуп, Тоголок Молдо көчөсүндө 8, Каралаев көчөсүндө 3, Озёрная көчөсүндө 3, Почтовая көчөсүндө 3 турак үйдү суу каптаган. Окуя болгон жерге 12 куткаруучу, 1 авариялык-куткаруу унаасы, 1 жеңил унаа, 5 суу сордургуч тартылып, саат 01:00гө карата турак үйлөрдөгү жана көпүрө астындагы суулар толугу менен сордурулган.