Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн түнү саат 00:29 чамасында болгон. Анын очогу кыргыз-кытай чек арасынан түштүк-чыгышты карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.