Борбор калаада "кардарын ур-токмокко алган" деген шек менен чачтарачтын ээси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 37 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 6-июль күнү саат 16:00 чамасында "Ош базарындагы" чачтарачтардын биринен анын ээси себепсиз уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 45 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.