КҮНСЕРЕП: Акын, аткаруучу, сүрөтчү... Президенттин дагы кандай өнөрлөрү бар?

Бүгүн, 7-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында мектеп мугалими менен окуучулардын биринин ата-энеси чатакташууда. Айылдын Айчүрөк Аманбаева аттуу тургуну “китепти булгаганы үчүн баламды мугалими сабаган” деп милицияга арыз жазып, анын негизинде кылмыш иши ачылганы белгилүү болду. Ал эми айыпталып жаткан мугалим Нуриза Урустемова окуучуну урбаганын, китептерин булгап салганы үчүн урушканда окуучу жалтанып кетип партанын кырын сүзүп алганын айтууда. Районго чуу түшүргөн окуяны учурда тийиштүү органдар териштирүүдө.
Мугалими сабады делген 4-класстын окуучусу айылдагы сурьма кенинин айланасынан сурьма казып иштеп жүргөнү белгилүү болду. Китеп чуусунан кийинки күндөрү аны кендин аймагынан топурак басып калганын айткан жергиликтүү тургун Абдихалил уулу Жанарбек: “Биз да ошол аймакта болчубуз, баланы сууруп чыгарып алдык”, - дейт.
Үй-бүлөсүнө акча табуу үчүн 11 жашар баланын кен казып иштеши Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин нормаларына каршы келет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 3 айында жашы жете электе жумушка тартылган 132 бала аныкталган. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесинде “балдардын эмгегин зыяндуу же коркунучтуу шарттары бар жумуштарда, жер алдындагы жумуштарда, алардын ден соолугуна жана адептик өнүгүшүнө зыян келтирген иштерде пайдаланууга тыюу салынат” деп жазылган.
Балага билим берүүдө мугалимдердин гана эмес, ата-энелердин да жоопкерчилиги чоң экени көбүнчө көз жаздымда калып келет. Укук коргоо органдары 4-класстын окуучусунун эмгекке болгон укугунун корголушун да көңүлгө алышы керек...

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков менен жолугушту. Өкмөт жетекчиси өлкөлөр ортосундагы алаканы бекемдөө, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын айтты. Ал эми кызматка жаңы киришкен элчи “иш тажрыйбамды өлкөлөрдүн мамилесин жакшыртууга жумшайм” дейт.

Өлкөлөрдүн курчуп кетүүгө аз калган мамилеси өткөн айда Ташкентте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити алкагында жакшыра түшкөнсүгөн. Кыргыз президентинин аэропорттон жогорку деңгээлде премьер-министр тарабынан тосуп алынышын, өзбек лидери Ислам Каримов менен болгон жылуу маанайдагы жолугушууну кыргыз коомчулугу жакшылыкка жоруган эле. Бирок көп өтпөй өлкөлөрдүн ортосунда кайрадан чек ара конфликти чыкты. 1-июлда Аксы районунун Сөгөт айылында өзбек чек арачылары кыргыз жарандарын жайытка өткөрбөй коюшуп, жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрдү. Эки тараптуу комиссия кырдаалды иликтеп, жергиликтүү тургундардын бири чөп чаап жатып өзбек чек арасына 20 метр кирип кеткенин маалымдады. Айтор, такталбаган чек ара тилкелери дагы далай конфликт жаратышы мүмкүн. Дал ушул көйгөйдү чечүүнү тездетүү боюнча премьер-министр элчиге ишеним артып, милдет жүктөдү. Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны азырынча – чек ара талашын чечүү боюнча өлкөлөрдүн негизги аянтчасы. Бул маселе президенттердин деңгээлинде ачык талкууланбай келет...

Ал эми быйыл жазында Өзбекстандан кайтарылып алынган Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын аталыштары кыргызчаланды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чыгарган буйругуна ылайык, “Рохат” пансионаты – “Алтын жай”, “Дилором” пансионаты – “Эне-Сай”, “Золотые пески” пансионаты “Бостери” деп жаңыча аталып, “Бустон” пансионатынын аты өзгөрүүсүз калды. Пансионаттардын аталыштарын кыргызчага өткөрүү жакшы, бирок сапатын өзгөртүүнү, туристтерди тейлөө кызматын жакшыртууну да ойлонушса... 2015-жылы Кыргыз жерине Малайзиядан журналисттер делегациясы келип “элитный” делген “Каприз” пансионатына жайгашкан. Жол жүрүп келген коноктордун оор жүктөрүн бөлмөлөргө жеткирүү милдети бир эле кызматкерге жүктөлүп, анын да атайын жүк ташуучу арабасы жок, оор чемодандарды кол менен ташыганы коноктордун таңдануусун жараткан. Номерлерге деп берилген ачкычтар туура келбей, коноктор бөлмөсүнө кире алышпай көпкө бушайман болушкан.

Туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн мамлекет үчүн өлкөгө кирген ар бир туристтин мыкты тейлөө көрүп, үйүнө жакшы маанайда кетүүсү маанилүү. Бирок майда көрүнгөн олуттуу кемчиликтерди жоёрдон мурун аталыштарды өзгөртүүгө маашырлана киришкени кейитет.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ырдаган дагы бир жаңы ыр интернетке тарады. Сүйүүнү баяндаган “Я не могу без тебя жить” деп аталган бул ырын мамлекет башчы 2009-жылы жазганын айтты. Саясий жолун карасак, бул жылдары президент оппозициянын активдүү мүчөсү эле. Демек, саясий ишмердүүлүгү менен чыгармачылыкты айкалыштырып жаңы ырларды жаратуу менен алектенген.

Президенттик аппараттын маалыматына таянсак, өлкө жетекчиси Атамбаев өзүнүн 60 жылдык мааракесине карата үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап, өзү чыгарган ырларды CD-дискке жаздырууну чечти. Кыргыз лидери буга чейин орусча 5 ыр жазганын, үстүбүздөгү жылдын август айында эмгек өргүүсүнө чыкканда кыргызча 5 ырын жаздырууну пландоодо. “Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өтүүчү президентин шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айткан. Президенттик шайлоодон кийин өлкө жетекчиси чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенүүдө”, - деп билдирди президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.

Алмазбек Атамбаев саясатта гана эмес, чыгармачылыкта да из калтырууну көздөөдө. Жакында анын кызы Алия Шагиева президент сүрөттү жакшы тартарын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Ким билет, балким, жакында президенттин кыл калеминен жаралган шедеврлерди көрүп калышыбыз да мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан