Борбор калаада 1 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Айзада Абыдынова изделүүдө

Борбор калаада 1 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Айзада Абыдынова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган А.Абыдынова 2-июнь күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Айзада Абыдынованын бою 160-165 сантиметр, көзү күрөң, чачы узун, кара түстө. Үйүнөн кеткен күнү ал кара түстөгү кофта, кара юбка, күрөң күрмө, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Колунда ак түстөгү сумка болгон. Көргөн-билгендер (0312) 56-60-43, (0551) 10-21-62, (0551) 10-25-38 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюшса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurkyz1977
2016-07-08 11:12:29
Аман-эсен ата энендин,бактысына табылып калагор ылайым,ата энеден баланы,баладан ата энени ажыратпасын.
0
Araika
2016-07-08 11:23:06
Акыркы учурда жаш кыздар коп жоголууда аман эсен табылып калсын
0
marapat
2016-07-08 11:46:46
Аман-эсен табылып калса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан