Жалал-Абад облусунда мал уурулуктун алдын алуу жана катталган уурулуктардын бетин ачуу максатында 3-апрелден 5-апрелге чейин ОИИБнин кызматкерлери облустун аймагында “Касапчы” аттуу иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын инспектору Жылдызбек Аттокуров билдирди. Иш-чаранын негизинде жалпысынан мурда катталган 18 кылмыштын бети ачылды, анын ичинен мал уурулук боюнча 4 факты, уурулук боюнча 11, каракчылык боюнча 1 жана опузалап талап кылуу боюнча 2 фактынын бети ачылды. Ошондой эле издөөдө жүргөн 6 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.