Депутаттар "ата журтчу" кесиптештеринин камалуусу боюнча соттун ишине кийлигишүүнү туура көрүшкөн жок

ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошова "Ата Журт" партиясынын камалган 4 депутатынын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун айтууда. Айтымында, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Нариман Түлеевдин камалышы алардын укугун бузгандан тышкары "депутаттык статус" мыйзамынын нормаларына каршы келет. "Булар биздин кесиптештер гана эмес, депутаттар дагы. Алардын камалышы мыйзамсыз, биз унчукпай калбашыбыз керек" дейт Жолдошова. Депутат Эркин Алымбеков эгер оор кылмыш кылса, депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга боло турганын айтты. "Алар кылмыш кылганбы же жокпу, аны сот чечет. Биз иликтөө иштерине тоскоол болбошубуз керек, бардыгы мыйзам чегинде гана болуш керек" деди Алымбеков. Соңунда Жолдошованын сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин депутаттары колдоого алышкан жок.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан