Багдад шаарынын түндүгүндөгү жардыруудан 35 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат агенттиктери Ирактын күч органдарына шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка караганда, жардыруу кечээ шииттердин сыйынуучу жайында катталган. Анда алгач сыртта токтоп турган унаа жарылып, андан соң куралчан адамдар сыйынуучу жайдын ичиндеги адамдарды аткылашкан. Мунун кесепетинен 35 адам каза таап, 100гө жакын адам жабыркаган. Жардырууну “Ислам мамлекети” террордук тобу өз мойнуна алган.
Айта кетсек, буга чейин кош жардыруу 2-июлдан 3-июлга караган түнү Ирактын борбору Багдад шаарында орун алган. Жардыруулардын алгачкысы мусулман шииттери чогулган диний борборго жакын жерде болсо, экинчиси Багдаддын түндүк тарабындагы “Аш-Шааб” базарында болгон.