Таласта баңгизаттарын камтыган өсүмдүктү өстүрүү менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июль күнү Кара-Буура районунун 38 жаштагы Б.А. аттуу тургунунун турак жайы текшерүүгө алынган. Анда аталган жарандын тоок баккан жайынан атайын өстүрүлгөн, курамында баңгизаты бар 144 түп өсүмдүк табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.