Сузакта дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кыз дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-июнда Достук айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Перизат Арстанбекова жоголгон. Куткаруучулар туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Мындан улам издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулган.