Казакстандын Балхаш көлүнө балык уулаганы барып дайынсыз болуп жаткан кыргыз жаранын издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү Казакстандын Жамбыл облусундагы Балхаш көлүнө 11 кыргыз жараны балык уулаганы барган. Алардын бири 29 жаштагы Максим Пивоваров көлдүн ортосуна кайык менен кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган.
"М.Пивоваровду Казакстан Республикасынын Караганды облусунун 8 адамдан турган суучул-куткаруучулары 2 кайык менен чыгып издешти, бирок аталган жаран табылган жок", - деп айтылат маалыматта.