Ошто келинин бычак менен сайып өлтүргөн шектүү: “Үйдөн чык, жогол дегенинен ачууга алдырып жибердим”

7-июль күнү Кара-Суу районунун Кара-Сай айылында 68 жаштагы Б.А. аттуу жаран өзүнүн 36 жаштагы А. кызы Ж. аттуу келинин бычак менен моюн жана көкүрөк тушка сайып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Ошол эле күнү кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

68 жаштагы Б.А. аттуу жаран өз көрсөтмөсүндө “келиним үйдөн чык, жогол деп урушканынан ачуума чыдабай бычак менен сайып жибердим” деген.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев:Кылмышка шектүү үйүндө кичүү баласы, келини жана эки небереси менен турчу экен. Келини менен буга чейин бир канча жолу пикир келишпестиктер болуптур. Ошол күнү тамак жасайм деп ашканада ичеги-карын туурап жаткан учурда келини келип жаман сөздөрдү айтат. Ага ачуусу келген кайнатасы колундагы бычак менен сайып жибериптир”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
mma_fighter
2016-07-08 21:06:58
Жаман иш болуптур
+3
lolo.1
2016-07-08 21:46:04
Ачууга алдыра турган кылыптыр келин
+6
s5kgbal
2016-07-08 21:46:19
Келиндин бети жок экен!баласын айтпайле коелу
+4
Emil0211
2016-07-08 22:14:56
68 ге чыккан байкуш ашканада тамак жасап журсо,калганы тушунуктуу,келинге убал жок экен анда.Ошондуктан кор болбой аялыбыздын алдында кетели аркы дуйного
+18
kaidiger
2016-07-08 22:36:18
Тилекке каршы бул корунуш акыркы жылдары бул корунуш ар бир экинчи уйдо жолугат азыркы келиндерге куйоо керек бирок кайын журттун кереги жок минтип кайын ата менен кайын энесин уйдон чыгып кеткиле дегендерди коп кордум эн окунучтуусу ошого куйоолору жол бергени....
+8
VIK
2016-07-08 22:46:49
Кудайым озун сакта! Баарыбызга ыйман бер!
+5
Jyrgal_msk
2016-07-08 22:52:28
Баарына куйоосу куноолуу.Кантип аялын атасына каяша суйлогонун билбейт?Катынды да башкарыш керек,болбосо шайтаны кучтуулук кылып ар нерсеге алып барат.
+8
belka
2016-07-08 22:52:41
Олоор эчки койчунун таягына суйконот,жамандын кесепети байкуш кайнатага тийе турган болуптур да карыганда турмого тушот эми байкуш(((.
+8
Ibi86kg
2016-07-08 23:38:03
Тура кылыптыр кайнатасы, мен каршы эмесмин
+4
Uhtishka.
2016-07-09 04:20:17
эхх....(
+1
Pandora
2016-07-09 08:12:01
Сооп иш болуптур
+1
Supsuluu
2016-07-09 08:51:00
Куноону бир жакка оодаруу туура эмес. Балким кайнатасынан кеткендир. Катынга окшоп келиндин идиш аягына, салган тошогуно киришкен кайнаталар жок эмес. Практикадан...
+1
raiana53
2016-07-09 19:24:30
Supsuluu,туура айтас менин кайнатам ошондой
-1
muslimka14
2016-07-09 10:28:17
Olgon adamga kancha bolso da jalaa jaba beret da "ozu joktun kozu jok" bolup.Kazan-ayaktan beri kiyligiship koz achyrbay koigon kaynene kaynatalar bar.Chygyp ket dedi dep bychak saiyp algan adamdyn ozundo akyl jok 68ge chygyptyr toktooluk,sabyrduuluk mn ozun bashkara biluusu kerek bolchu.A chyndykty bir Allah bilet bul jerde...
-1
tursunbaev78
2016-07-09 16:00:33
Окунучтуу,Кара-Сууда Кара-Сай деген айылды биринчи угушум Кең-Сай эмеспи?автор
0
Adahan.myrza
2016-07-09 16:21:11
tursunbaev78, каратай айылы болушу мумкун
0
nazym22
2016-07-10 13:09:33
Куноону бир тараптан издеген туура эмес. Бальким атасы ошого жеткиреттир,мисалы угузуп угузбай согунуп ичип алып неберелерине катуу тийип ж.б.у.с.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан