Кыргыз мамлекетиндеги немистер бирикмесинин төрагасы Валерий Диль премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков 8-июлда кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Диль буга чейин вице-премьер-министр болуп да иштеген.