Өкмөт "Центерра Голд Инк." компаниясындагы кыргыз тараптын катышуу үлүшүнүн кыскарышына каршы экенин билдирди

"Центерра Голд Инк." компаниясы Британ Колумбиясы провинциясындагы (Канада) алтын жана жез өндүрүү боюнча кенди эксплуатациялаган "Томпсон Крик Металз" компаниясын сатып алуу боюнча бүтүмдүн жактырылышы тууралуу расмий түрдө жарыялаганын өкмөттөн билдиришти.

Бүтүмдү каржылоону компаниянын жеке эсебинен, канадалык "Scotia Bank" банкынын насыясынын, ошондой эле "Центерра Голд Инк." компаниясынын кошумча акцияларын чыгаруу аркылуу инвестицияларды тартуу эсебинен жүргүзүү болжолдонууда.

Өкмөт буга чейин "Центерра Голд Инк." компаниясынын максаттары жана аталган бүтүмдүн шарттары тууралуу маалыматка ээ болгон эмес. "Центерра Голд Инк." компаниясынын аталган маселе боюнча кат түрүндөгү маалымдамасы компаниянын Директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимден соң келип түшкөн.

Бүтүм аркылуу "Центерра Голд Инк." компаниясындагы "Кыргыз алтын" ишканасынын үлүшүнүн кыскаруусу келип чыгарын эске алуу менен Директорлор кеңешиндеги "Кыргыз алтын" ишканасынын мүчөлөрү бул чечимге каршы добуш беришкен. Ага карабастан, "Томпсон Крик Металз" компаниясын сатып алуу боюнча бүтүм "Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жактырылган.

Учурда "Кыргыз алтын" ишканасы тараптан алдыдагы бүтүмдүн шарттарынын финансы-экономикалык талдоосу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурдагыдай эле "Центерра Голд Инк." компаниясындагы кыргыз тараптын катышуу үлүшүнүн кыскартылышынын максатка ылайык эместиги тууралуу пикирди карманууда.

Бүгүнкү күндө тараптар жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жетекчилиги ортосунда “Кумтөр” долбоорунун тегерегиндеги абалды кароо үчүн сүйлөшүүлөрдү жана кеңешмелерди өткөрүү боюнча сунуштар менен алмашууда. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдыдагы бүтүмдүн бардык деталдарын карап жана анын Кыргыз Республикасындагы "Кумтөр" долбоорунун мындан аркы ишке ашырылышына тийгизчү таасирин талкуулоону ниеттенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан