Тонолгон орусиялык турист: "Быйылкы жайкы эс алуу мындай окуялар менен коштолот деп күткөн эмесмин"

Бүгүн, 9-июль күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши тонолгон орусиялык турист Дмитрийге акчалай жардам берди. Ардагерлер кеңешинин төрагасы Кантемир Турдалиев: "Балаңызды атайын Ысык-Көлгө алып келе жатканыңызды угуп, биз дагы акчалай жардам берүүнү туура көрдүк. Эми эч нерседен кооптонбой эс алууга келип туруңуздар. Кыргыз милициясы дайым ыкчам иш алып барууга даяр", - деди.

Ошол эле учурда орусиялык турист Дмитрий Ребров милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө: “Быйылкы эс алуу мындай окуялар менен коштолот деп күткөн эмесмин. Кечээ өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү менен жолуктум эле, бүгүн мына сиздер менен жолугуп отурам. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан сиздерге терең ыраазычылык билдирем”, - деди.

Эске салсак, 4-июль күнү Токмок шаарына жакын жердеги айланып өтүүчү жолдон Ысык-Көлгө бара жатышкан Орусиянын Дмитрий жана Ирина аттуу эки жаранын өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Орусиялык жарандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын Ысык-Көлгө дарыланууга алып бараткандары белгилүү болгон жана 100 евро, 20 миң рубль, 45 миң сом акчасын алдыртып жиберишкен. Бул кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 1974-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну жана 1969-жылы туулган К.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Алардын милициянын мурунку кызматкерлери экени жана ушул сыяктуу кылмыштары үчүн жумуштан кетирилгени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
batsam
2016-07-09 17:05:02
мына сага келесоолук, мына сага манкурттук, мына сага айбандык. Майып баласын билип туруп тоногон эшшектер десе, Аллахтан туну-куну ыйлап дуа кылып кечирим сурап тобоо кылгыла. Баланар майып болуп кала электе, анан баары кеч болуп журбосун. Жердешибиз Марат Исаев (Исабеков) Кыргыз деген улуттун эрдигин даназалаган болчу. Силердей манкурттар баарына ч...п койду с..к кылып.
+9
korul.alai001
2016-07-09 17:51:54
Ушуну коруп орустун менттеринин бети тыз дейт бекен? Алар чонтогундогу акыркы тыйынындан бери кагып калышатко. Ошентседа биз орус эмеспиз биз кыргызбыз... пейлинден айланайын кыргыз калкым....
+6
AKCAHAT
2016-07-09 18:41:36
Сезон ачылбай атып шерменде кылган баатырлар
+7
tilek88.88kg
2016-07-09 18:42:15
Кыргызстандан Орисияга турис болуп барып тонолсок эчким акча берип эмес сурапда койбойтко. Булжагы кандай болду?
+1
kaidiger
2016-07-09 18:52:06
tilek88.88kg,Cооронбай Жусуевдин ыры барго мага ит урсо менда уройунбу деген ал сынары орустардын полициясы жаман болсо биз дагы аны туурашыбыз керекпи наоборот таш менен койгонду аш менен коюш керек ошондо уялып калышы мумкун орустар
+11
Patriot..kg
2016-07-09 21:38:08
kaidiger, уялбайт алар
+1
Durdana
2016-07-09 19:14:34
Кыргызстан-наш обший дом
-5
altunbek78
2016-07-09 19:55:19
Эми эмне чара корот болду экен, атып салса башка милицияларга сабак болмок, антпесе коз коруно документ текшеримиш болуп акчаны кантип алып койгонун билбей каласын, мыйзамдуу чонтокчулор.
+4
Bekish-kg
2016-07-09 21:40:08
Бир орусту тоноп коюшту,ужаааас,олдук Эми.Щермеде болобуз,уяяяят,эми эмне кылабыз кыргыздааар.
0
belka
2016-07-09 21:47:39
Bekish-kg,)))
0
s5kgbal
2016-07-09 22:16:45
Тоногондор да орус экен го
0
tamin
2016-07-10 02:10:35
ырас болот Россияда канча кыргызды тоношту бул орустар
-1
temirov76
2016-07-10 07:38:17
Кыргыздын орусияга дем алганы эмес иштегени барып кыйналып тапкан акчасын тоногон оруска да уят,а орустун майып баласыны эс алдырганы келе жатканына карабай тоногон кыргызга да уят,кыскасы экоо тен айбанчылык.
+3
Beko87
2016-07-10 13:48:29
Полиция Милиция булар эмелерда.тиги баргоо ошолор.бывший милиция не бывает дейткоо))))
0
jumatone
2016-07-10 21:19:49
Мени да тоноп кетишти маршуткада чонтокту тазалап коюшуптур он мин сом паспорт права айтарга соз жок
0
ulan4ik.80
2016-07-11 05:21:46
Канчалык полиция кучотпосун барибир оздору баш болуп подстава кылып болсода акча тоношот.Тартип деген жок тескерисинче полицияда иштегендерден коркуш керек, алар ар башканы айтып коркутуп акча талап кылышат.Мен 2010 жылы барып тонолуп келгенмин полицияда иштегендерге,ошондон кийин баргым келбейт.Былтыры Анталияга бардым ал жакта ушунчалык тарбия закон жакшы экен аяабай ыраазы болдум.Эми кудай ынсап берип биздин ишенген полицялар ач коздукту токтотушса жакшы болмок,биз тез тез эс алмакбыз оз жери
0
SHAHDAR
2016-07-11 13:33:56
Таш менен урганды Аш менен ур-дейт. Вааще молодцы. Кыргызстан атын жакшы жактан чыгарды.
Эч бир олкодо мындайды корбойт болуш керек. Инвалид баласына Ыссык-Кол шыпаа болуп айыгып кетсин.
0
bah_tee
2016-07-11 15:22:30
Бир орус үчүн ушунча чуу кылып. Россияда Кыргыздарды Олтуруп эле жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан