"Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев 9-июлда "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Кредиттик макулдашууга 2015-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алган.

Жогоруда аталган келишим Нарын шаарынын суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын мындан ары жакшыртууну көздөйт жана суу секторунун өнүгүшүнө оң таасир этет. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан