Камчы Көлбаевге карата козголгон кылмыш иши тергөөдөн сотко жиберилди

Кримавторитет Камчы Көлбаевге байланыштуу кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Камчы Көлбаев былтыр 8-декабрда кармалып, СИЗОго камакка алынган. Ал кылмыштуу топту уюштуруу, мыйзамсыз баңгизатын даярдоо жана сатыкка чыгаруу, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Бул иш боюнча биринчи соттук отурум 18-апрелде Биринчи Май райондук сотунда саат 10:00дө баштала тургандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан