Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен келинди куткаруу үчүн артынан сууга секирген 2 адам жана келин каза тапты, дагы 1 адам оор абалда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 10-июлда саат 14:45 чамасында Төлөйкөн айылындагы “Жеткинчек” балдар лагеринин жанындагы Ак-Буура дарыясында орун алган. Анда дарыя жээгинде эс алып отурган Бактыбек кызы Нурайым сууга агып кетип, аялын куткарам деп Кыялбек Токтосунов дагы сууга аккан. Экөөнү куткарабыз деген ниет менен Тилек Ормонов жана Төлөгөн Сайдуллаев дагы сууга секиришкен.
КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Бактыбек кызы Нурайым, анын күйөөсү Кыялбек Токтосунов жана окуяга күбө болуп аларды куткарам деп каза тапкан Төлөгөн Сайдуллаевдин денелерин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми Тилек Ормоновду куткаруучулар оор абалда суудан алып чыгышкан.