Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда 42 жаштагы жаран сууга чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Моңолдор айылында Кара-Балта суусуна 1974-жылы туулган Анарбек Шекербеков (Сосновка айылынын тургуну) чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, саат 20:30дар чамасында маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына тапшырышкан.