Бишкекте "тапанча менен коркутуп тоногон" деген шек менен 3 шаар тургуну кармалды

Борбор калаада "тапанча менен коркутуп тоногон" деген шек менен 3 шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 6-июль күнү түнкү саат 02:30 чамасында болжол менен 18-20 жаштагы 4 бала И.Ахунбаев жана К.Маркс көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуп, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп акчасын тартып алганын билдирген.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштагы О.Ж. жана Н.Б., 20 жаштагы С.А. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан