Президент Алмазбек Атамбаев Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-июлда Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Швейцария Улуттук банкынын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери, ошондой эле банк жана каржы чөйрөлөрүндө, анын ичинде эл аралык каржы институттарынын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүүнүн перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы швейцариялык тарапка көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, банк чөйрөсүндөгү кыргыз-швейцариялык көп жылдык кызматташтыктын жемиштүүлүгүн белгиледи. Президент бул жааттагы Томас Йордандын жеке ролун баса белгиледи жана каржы, банк чөйрөлөрүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүү экендигине токтолду.

Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан швейцариялык тарап Кыргыз Республикасы менен болгон жылуу жана өз ара ишенүүчүлүк мамилени баалай тургандыгын, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушууда банк чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобуна кирген өлкөлөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги артыкчылыктарына да көңүл бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан