Чүй облусунун Маевка айылынын тургундары "айыл өкмөтү жерди мыйзамсыз сатты" деген нааразычылык менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Маевка айылдык кеңешинин депутаты Манас Аликулов билдирди.
Анын айтымында, 2002-жылдан бери Маевка айыл аймагында мыйзамсыз иштер жасалууда. "Айыл өкмөтүнүн башчысы жерди коррупциялык жол менен мыйзамсыз сатып жатат. Элдин үнүн айыл жетекчилери укпай калышты. Биз эми 13-июль күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгабыз", - деп билдирди Аликулов.
Буга чейин мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча мурдагы 1-вице-премьер-министр Аалы Карашовго кат аркылуу кайрылышкан.
"Калктын маселесин чечүү үчүн учурдагы 1-вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылганбыз. Бирок бир канча убакыттан бери жооп боло элек", - деп кошумчалады Аликулов.