“Эгерде сот Азимжан Аскаровдун укугу бузулган десе, анда мурдагы соттун чечимдери жокко чыгарылышы керек. Эгер сот кандайдыр бир жагдайлар жакшы каралбай калыптыр деген болсо, иш тергөө органдарына кайра жөнөтүлөт же сот органдарына кайра карап чыкканга сунушталат”, - дейт Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти Канимет Бодобаев.
Ошондой эле ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу милдеттүү эмес экенине токтолду.
“Эгер эл аралык уюмдар адам укуктары бузулган десе, анда жаңы жагдайга байланыштуу сот кайра карап чыкканга укуктуу. Азимжан Аскаровдун иши ушундай болуп жатат. Эл аралык уюмдар тарабынан басым жасалып жатабы-жокпу, аны айта албайм. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу милдеттүү эмес. Эми акыркы чечимди сот чыгарат”, - деп кошумчалады Бодобаев.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.