"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган мыйзам туунду баалуу кагаздарды чыгарууга жана жүгүртүүгө байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салууга жакшыртууга багытталган.

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 24-июлда кабыл алынган №251- мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

- "туунду баалуу кагаздар" түшүнүгүн аныктоого тактоо киргизилген;

- туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленери аныкталган.

Президенттик аппараттан мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кире турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан