Чүй облусунда мындан эки күн мурун сууга агып кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда

Чүй облусунда мындан эки күн мурун сууга агып кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү 9 жаштагы Ысык-Ата районунун Төмөнкү Серафимовка айылынын Евгений Комаров аттуу тургуну тез аккан сууга түшүп кеткен.

"10-июлда саат 19:19да КРнын ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тез аккан каналга түшүп кетти делген 2007-жылы туулган Е.Комаровду издөө иштерин жүргүзүшкөн. Баланы издөө иштери 11-июлда да улантылган, бирок натыйжа чыккан эмес", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан