Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар каралып жатат. Анда 2010-жылдын Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Сулайманова мурдагы соттун чечими күчүндө калышын сурады.
“Жогорку Соттун чечими чыккандан кийин эмнеге кайра карап жатасыңар? Каяктагы Аскаров үчүн мыйзамдын баарын бузушубуз керекпи? Аскаровдун укугу корголот да, эмнеге менин укугум корголбойт?! Аны 47-абактан которуп, күчөтүлгөн режимдеги абакка камоону өтүнөм. Соттун мурдагы чечимдери күчүндө калсын”, - деди өз сөзүндө жабырлануучу Сулайманова.