Азимжан Аскаровдун сотунда жабырлануучулар менен жактоочулар кайым айтышты. Анда жабырлануучулар жактоочуларга “кимдир бирөөнүн акчасын алып, актап жатасыңар” деген сөздөрдү айтышты. Буга жактоочулар “биз мыйзамды коргоп жатабыз” деген жооп узатышты. Июнь окуясында каза болгон Мыктыбек Сулаймановдун эжеси жактоочуларга жулунуп, аларды жулмалаганга чейин барып, милиция кызматкерлери аны токтотуп калышты.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар каралып жатат.