Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.
Соттук отурумга айыпталуучу А.Субанованын апасы Айзадахан Садыкова суракка күбө катары чакырылды.
"Кызым мага аны өлтүрбөгөнүн айткан. Айдай 2011-жылы турмушка чыккан, экөөнүн ортосунда 2 баласы бар. Экөөнүн мамилеси жакшы болчу. Кызым күйөөсү тууралуу даттанчу эмес. Биздин үйгө кез-кезде эле келчү. 2015-жылдын 12-13-августунда Айдай балдары менен үйгө келип кеткен. 15-август күнү эртең менен дагы келди, ал коркуп жатканын айтты, бирок эмнеден коркуп жатканын айткан жок. Ошондой эле ал Эрлан үйдө жок экенин кошумчалады. Менден бычак сурады, мен ага нан кесе турган бир кичинекей жана эт кесе турган узун бычак бергем, ал аларды сумкасына салды. Мен ага милицияга тез арада арыз жаз деп айткам", - деди Садыкова.
Анын айтымында, Эрлан Оркошев каза болгонун ал интернет аркылуу билген.
"Күйөөсү өлгөнүн укканда Айдайдын реакциясы кадимкидей эле болду. Аны Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан алып кетип жатканда мен жанында болчумун, кызым мага бул нерсени кылбаганын айткан", - деп кошумчаларды күбө Садыкова.
Кийинки соттук отурум 14-июлга дайындалды.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.