Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кароо улантылууда. Анда жабырлануучулардын сөзүнөн кийин мамлекеттик айыптоочуларга сөз берилди.
"БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминде жана Азимжан Аскаровдун өзүнүн, жактоочусунун арызында кыйноо болгону айтылат. Ал боюнча түзүлгөн атайын топ Аскаровго карата эч кандай кыйноо болбогонун тастыктады. Мына бул жерде Аскаровдун өз колу менен жазганы турат. Анда ал абакта аны менен бирге отурган Махмуджанов сабап салганын айткан. Дагы жакшы, өз колу менен жазылыптыр, компьютер эмес. Ошондой эле жактоочусу Нурбек Токтакуновго эч кандай кыйноо тууралуу айтпаганын билдирди. Урматтуу сот, мурдагы чечимдер күчүндө калсын", - деди мамлекеттик айыптоочу.
Мамлекеттик айыптоочунун сөзүнөн кийин соттук коллегия кеңешмеге кирип кетти.