Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскуловго жана райондук администрациянын дагы бир жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Алар бюджеттен айлык маяна, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр үчүн бөлүнгөн акчаны өз пайдасына иштетип жиберген деп айыпталууда. Тактап айтсак, администрация башчысы жана мекеменин башкы эсепчисине "206 414 сом акчаны максатсыз пайдаланган" деген күнөө тагылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.