Индиянын Уттар-Прадеш штатында атылган ок кыздын моюнундагы медальонго тийип, кыз тирүү калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Убадалашып койгон жигитке турмушка чыгуудан баш тарткан кыздын агасы үй-бүлөсүн уят кылды деп, аны тапанча менен аткан. Бирок атылган ок кыздын моюнуна тагылган медальонго тийип, кыздын өмүрү сакталып калган.
Дарыгерлер ок медальонго тийбегенде, кыз өмүрү менен кош айтышмак экенин билдиришкен. Ал эми жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери бул боюнча эч кандай арыздануу болбогонун айтышкан.