Жабырлануучу тарап Канжар Кадыралиевдин камакка алынуусун талап кылып чыкты

Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиевден жабыр тарткан тарап бүгүн кайрадан анын камалуусун талап кылууда. Жабыр тарткан ишкер Сактан Келдибаевдин эжеси Уулкан Келдибаева SUPER.KG'ге Кадыралиевди үй камагында калтырбоо керектигин айтты. "Эки жылдан бери укук коргоо органдары ага жетиштүү чара көрө албай жатат. Соттук отурум улам-улам кийинкиге жылдырылып келет. Бир жактоочусу келсе, экинчиси келбей коёт. Экинчи жактоочу жоктугуна байланыштуу отурум кийинкиге калтырылууда. Учурда иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда. Буга чейин Ош шаардык сотунда болуп, жактоочулардын өтүнүчү менен Бишкекке которулган. Эми кайра Ошко которууну өтүнүп жатышат. Оштун соту ага эч кандай чара көрө албайт. Ошондуктан Кадыралиевдин камалуусун талап кылып жатабыз", - деди Келдибаева.

Эскерте кетсек, Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nazgul90
2016-07-12 14:49:47
Канжар куршапты соруп болдуго. Мындай адамдарды аллах жазасын берсин.
+10
Gema
2016-07-12 14:55:05
Куноолуу болсо камалыш керек!
+6
anash
2016-07-12 14:57:27
Uwu Kanjarga ali jetpei jatyshaby
+6
anash
2016-07-12 14:57:51
bizdib jep jutarlar
+4
takowa_tyratbekovna94
2016-07-12 15:01:39
Эмнеге бул адамга кучтору жетишпей деймда камап салышпайбы нары Озу негизи маркум Санжар Кадыралиев азамат патриот бала эле ажал ушинтип жакшы адамдарды алып койот турбайбы арабыздан жаткан жери жайлуу болсун
-2
Jyrgal_msk
2016-07-12 15:01:50
Озунун айылдаштарына кысым корсотсо,башка адамга жакшылык кылбайтго.Байлык келет,кетет.Кийин бала-чакасы айылдаштарынан кордук коруп калышы мумкун.
+7
kuba502
2016-07-12 15:03:58
Чубактын кунундай созулду го бул иш
+4
asad345
2016-07-12 15:15:56
эч бир иш унутта калбайт ыргал канжар анын ата энеси жооп берчу кун келет
+4
ulan.zhoroev
2016-07-12 15:24:40
Аа бул адамды айылдаштары да жакшы деп айтпаптыр демек начар адам экен
+5
Adyl84kg
2016-07-12 15:42:40
Ошто окуп жургон кезде бул Канжарлар мага тешик таш кафесинен манты,самса ташыгандан колдору бошобойт болчу!!Эми минтип эл жутар болгонуна тан калып жатам.Азыр да мени корсо журогу шууу дей тушсо керек,себеби буларды жаш кезинен жанын алып,канын соруп койгом.Торпок кезинен сузуп дегендей.
+3
kamyr26
2016-07-12 15:57:40
Adyl84kg,эркек экенсиз Ака,азыр барып корунчу сизди манты ташытып койбосун
+7
fanatkg
2016-07-12 16:25:33
kamyr26,манты туудуртуп десен...
+3
Arslan12
2016-07-12 16:15:47
Ушул жигитке бир да адамдын алы жетпей койду го 2жылдан бери, 4 берене менен кызматтан кетсе дагы, жогорудагылар жанылык деле окубайт го дейм, оздорунон коркуп атышабы
+3
dasta
2016-07-12 18:28:28
Лолудон баатыр чыкса елин кыйнайт дейтко. Бул да ошол сынарындайго. Буларга кудайдын алы жетпесе куч органдары буларды кармавайт окшойт
+4
semo
2016-07-12 21:08:39
Кыргыз элибиз качан ушуга окшогон адамдардан кутулат екен бей бечаранын нанын тартып алгандан уялбайбы ошону кантип жеп тамагынан өтүп аш болот арам тамактар соттор дагы бир күн болбосо бир күн жооп бересиңер аллахтын астында
+1
anash
2016-07-13 09:29:14
Janar kana karalar menen kattu kurowom dep chykty elego anyda kustyryp koidu okwoit Janar saga erkek4e aytayin Chubak ajyga asylganda koro uwul iwini ayagyna chykpaisynby
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан