Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын, Жаңы Зеландиянын, Судан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Таиланд Падышалыгынын элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.
Мамлекет башчысы элчилерди ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады. Президент элчилердин ишинин натыйжалары өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишеним билдирип, бул жаатта элчилердин ролун баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин динамикасы аларга байланыштуу болоруна токтолду.
Кыргыз-тажик мамилелери тууралуу айта келип, мамлекет башчысы Тажикстан бизге кошуна жана бир тууган өлкө экенин баса белгиледи. “Биздин динибиз бир, жалпы тарыхыбыз, албетте, жалпы чек арабыз бар. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон экөөбүз жакшы достук мамиледебиз, мен жаңы элчи биздин өлкөлөр ортосундагы маселелерди чечүүнүн үстүндө активдүү иш алып барат жана эки бир тууган өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өз салымын кошот деген ойдомун", - деди Алмазбек Атамбаев.
Президент өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен алыскы мамлекет экенине карабастан, күчтүү жана өнүккөн өлкө болуп калган Жаңы Зеландиянын ортосундагы кызматташуунун активдүү болоруна ниеттене турганын билдирди. "Айыл чарбасында жана башка тармактарда биз силерден көп нерсени үйрөнсөк болот", - деди Алмазбек Атамбаев.
Кыргыз-испан мамилелерине токтолуп, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Испания менен болгон достук байланышты жогору баалай турганын белгиледи. Президент эки тараптуу мамилелердин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын активдешерине ишеним билдирди, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасы "Смарт Сити" долбоорунун алкагында активдүү кызматташууга чакырды. "Өткөн жылы Барселонанын вице-мэри Энтони Вивес Томас иш сапары менен келип кетти. Испания Бишкектин Смарт Сити болушуна көмөктөшөт деп ойлойм", - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы жана Судан жемиштүү кызматташтыкты жолго салуу үчүн орток чөйрөлөрдү табышат деп үмүттөнөрүн билдирди. Кошуна мамлекеттердеги кырдаалды эске алып, президент Судандын элине бакубатчылык жана жарандык биримдик каалады.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Таиланд ортосундагы мамилелер жаңы баскычка көтөрүлөрүнө ишеним билдирди: "Биз Таиланддын канбийкеси Маха Чакри Сириндхорнду Кыргыз Республикасынан көргөнүбүзгө абдан кубанычта болдук. Менин оюмча, бул алгачкы чабалекей, эки тараптуу мамилелердин жаңы баскычка чыгарынан жакшы кабар болду деп ойлойм. Анын үстүнө туризм тармагында биз сиздерден көп нерсени үйрөнсөк болот".
Сөзүнүн аягында Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргыз өлкөсүндө жемиштүү жана натыйжалуу иштөөнү каалады. Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекети жана алар өкүлү болуп эсептелген өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелер көбүнчө алардын ишине байланыштуу болорун белгиледи.
Президент күндөлүк иште алар кыргыз кесиптештери тарабынан, так айтканда, Тышкы иштер министрлиги, өкмөт жана президенттик аппарат тарабынан ар дайым түшүнүүчүлүк мамиле жана колдоо табышарына элчилерди ишендирип кетти.
Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырган чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары:
1. Педро Хосе Санc Серрано - Испания Падышалыгынын элчиси;
2. Иэн Александр Хилл – Жаңы Зеландиянын элчиси;
3. Мохаммед Илиас Мохаммед Аль-Хак – Судан Республикасынын элчиси;
4. Олимзода Сухроб Ходжа – Тажикстан Республикасынын элчиси;
5. Нат Пинёваттаначип – Таиланд Падышалыгынын элчиси.