"Банкроттук жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган. Мыйзам банкроттуулукка (кудуретсиздикке) байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртууга жана бул чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу 12-июлда президенттин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан