Быйыл жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 18,6 пайызга кыскарды

Быйыл жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 18,6 пайызга кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда маалымат жыйынында ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 6 айында 3032 жол кырсыгы катталса, быйыл жыл башынан бери 2466 жол кырсыгы болгон. Жол кырсыктарынын кесепетинен акыркы 6 айда 397 адам каза тапса, былтыр 441 адам каза тапкан.

Статистика көрсөтүп жаткандай, акыркы учурларда жол кырсыктарынын саны азаюуда. Бул комплекстүү жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгы”, - деди Баев.

Ошондой эле Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы төмөндөгүлөрдү кошумчалады: “Акыркы 6 айда унааны мас абалда айдоо боюнча 5959, ылдамдыкты жогорулатуу боюнча 24 949, унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 4343, унааны мамлекеттик номуру жок айдоо боюнча 1492 факт катталган”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jooshbai
2016-07-13 09:43:07
jalwy janylyk,dagy kyskartkyla
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан