Ала-Бука районунда тургунду дубинка менен сабап, 100 миң сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ала-Бука районунда тургунду дубинка менен сабап, 100 миң сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган А.Н. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын март айында жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, аны дубинка менен сабап, 100 миң сом талап кылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн “опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле кармалган шектүүнүн Ала-Бука районунда үч тургунду алдап, унаасын тартып алганы белгилүү болгон. Бул факт боюнча да “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-07-13 10:33:58
ХХХ барар жерин турмо сенин, жаш эле туруп ак эмгек менен иштебейсинби дубинка котогонго алын бар экен го!
+1
admin_portal
2016-07-13 10:46:12
Arslan12, этика нормаларын сактаңыз!
0
Nurkyz1977
2016-07-13 11:15:58
Ыйман ынсабыбыздан айрыбасын,арам тамак аш болбойт ушул кылганы озуно сабак болуп мындан нары туура жолго тушуп адашкандардын жолунан сактасын дейли жаш бала экен.
+3
Rifle_S
2016-07-13 11:58:37
Законго өзгөртүү киргизилди, үйгө бастырып кирген каракчыга каршы курал колдонсо камабайт.
+1
marqarita
2016-07-13 21:25:26
Rifle_S,качан кирди озгортуу?Чындап кирген болсо жакшы экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан