Талас облусунда 24 жаштагы жаран суу сактагычка чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын 1992-жылы туулган Анаркан уулу Нурадил аттуу тургуну суу сактагычка түшүп, чыкпай калган. Саат 21:00дө Кызыл-Адыр айылынын тургуну жигиттин жансыз денесин суудан алып чыккан. Маркумдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан райондук өлүкканага жеткирилген.