Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абиш Халмурзаев дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абиш Халмурзаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдалды.

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абиш Халмурзаев Алыбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Абиш Халмурзаев 1955-жылы 10-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Жал айылында туулган. Ал буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэри болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан