Борбор калаада унаадан 11 миң сом уурдоого шектелип 76 жаштагы карыя кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен М.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 11-июлда саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган унаасынын ичинен 11 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 76 жаштагы Я.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.