Ысык-Көлгө 21 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн түштөн кийин Ак-Суудагы балдар үйүнүн Ден соолукту чыңдоочу борборуна жакын жерде болгон. Анда 21 жаштагы кыз көлгө түшүп жатып чөгүп кеткен. Аны ошол жердеги эс алуучулар суудан чыгарышкан. Тилекке каршы, кыздын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.